Жогорку Кеңеште уран жана торий кендерин иштетүүгө тыюу салган мыйзамды күчүн жоготту деп таануу боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды

Бүгүн, 13-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына)» жана «Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу» мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоору менен Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 14-декабрындагы №139 «Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөөгө байланыштуу ишке тыюу салуу жөнүндө» мыйзамын күчүн жоготту деп табуу сунушталат, ал уран жана торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөөгө байланыштуу ишке тыюу салат.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Исхак Масалиев мыйзамды кабыл алуу менен мамлекеттин уран сыяктуу кендерди иштетүү пландарын сурады. Депутат Нуржигит Кадырбеков кендерди иштетүү жаатында экология маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Депутат Мирлан Самыйкожо Миң-Куштагы көпүрөдөн радиоактивдүү калдыктарды ташыган унаанын кырсыкка кабылышы боюнча маселени тактады. Депутат Чыңгыз Айдарбеков уран жана торий кендерин иштетүү боюнча Министрлер кабинетинин пландары тууралуу маселени белгиледи. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мыйзам долбоору уран жана торий кендерин эмес, титаномагнетит кендерин иштетүүгө багытталганын баса белгиледи. Жүк ташуучу унаа окуясына токтолуп, ал эч кандай коркунуч жок жана жеринде радиациялык фон нормалдуу экенин баса белгиледи.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.