Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк премьер-министрге кимди сунуштайт?

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктө азырынча өкмөттү ким жетектейт, министрлер кабинетинде кимдер болот деген маселе чечиле элек.

Өкмөт дагы, Жогорку Кеңеш дагы жаңы өкмөт башчы жана өкмөттүн курамы президенттин инаугурациясынан кийин сунушталарын айтышууда. Азырынча бардык тараптарды бир пикир бириктирип турат: Премьер-министрликке тажрыйбалуу, саясий салмагы дагы бар, оор кырдаалда кризис менеджер боло алчу адам келиши керек.

Буга чейин «Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берген тажрыйбалуу саясатчы Өмүрбек Текебаев өкмөт менен Жогорку Кеңештеги коалициядан айырмалуу пикирин билдирген эле. Анын түшүндүргөнү боюнча, президенттикке шайланган адам 1 мүнөт дагы башка кызматты кошо кармап отурбашы керек. Эске салсак, учурда Садыр Жапаров өкмөт башчылык кызматты өткөрүп бере элек.

Премьерликке учурдагы 1-вице-премьер, өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Артём Новиков өзү калышы мүмкүн дегендер, Ошто салмагы бар, аталган шаардын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов келиши мүмкүн деп жоромолдогондор да бар.

Садыр Жапаровдун президенттик шайлоого катышкандардын 80 пайыздан ашуун добушун алды. Бул абал өлкөдө түндүк жана түштүк балансын сактоо зарылчылыгын азырынча жоюп салат деп эсептегендер да бар. Бул баланс президент менен премьерди тандоодо көбүнчөсү чечүүчү факторлордун бири болуп келген.

 

.