«Жогорку Кеңешти жоюп эле салгыла». Балбак Түлөбаев курултайга мыйзам чыгаруу демилгесин берүүгө каршы чыкты

Курултай аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигинин да кызматын алып алган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев билдирди. Бүгүн, 15-мартта парламентте “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору 1-окууда каралууда.

«Курултай мыйзам чыгаруу демилгесине ээ болот деп айтылат. Анда биздин эмне керегибиз бар? Мен буга каршымын. Себеби Жогорку Кеңеш бар. Анда бизди жоюп эле ийгиле», — деди ал. 

«Курултай мыйзам чыгарууга укугу жок, бирок мыйзам демилгелегенге укуктуу», — деди президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев.