Жогорку Кеңештин депутаттары эс алууга кетишти

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы 8-сессияны жыйынтыктады. Мындай чечим бүгүн кабыл алынды.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев белгилегендей, депутаттар 131 мыйзам жана 600 токтом кабыл алышкан. Ал 2020-жылы октябрь окуясынан кийин жараксыз абалга келген парламенттин имаратын калыбына келтирүүдө эл өкүлдөрүнө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Июль айында эл өкүлдөрү кезексиз жыйынга чогулушат — алар шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдү талкуулап, добуш бериш керек, ансыз Жогорку Кеңешке жаңы шайлоону дайындоо мүмкүн эмес. Парламенттин жыйыны Кыргызстандын гимни менен аяктады.