Жогорку Кеңештин депутаттары Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө макулдугун беришти

Бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңештин депутаттары Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө макулдугун беришти. 69 депутат чечимди колдогон, ал эми 7 депутат чечимге каршы болгон добуш берди.

Эл өкүлү Дастан Бекешевдин айтымында, жогорудагы маселени биринчи жолку добуш берүүгө койгон учурда 55 депутат макул, 11 депутат каршы болгон. Маселе колдоого ээ болушу үчүн кеминде 60 депутаттын макулдугу керек. Кийин маселе дагы добуш берүүгө коюлган.