Жогорку Кеңештин депутаттары кечинде чукул жыйын өткөрүп жатышат

Жогорку Кеңештин депутаттары кечинде чукул жыйын өткөрүп жатышат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине депутат Марлен Маматалиев билдирди.

«Биз Коопсуздук кеңешинин жыйынынын бүтүшүн күтүп жатабыз. Азыр өкмөт мүчөлөрү келип, маалымат беришсе, анын жыйынтыгы менен аскердик абал киргизилиши мүмкүн», — деди ал.