Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекеттик резиденцияга чайга чакырылганы айтылды

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 27-декабрда кечинде “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чакырылган. Бул тууралуу бир нече жергиликтүү ЖМКлар жазышты.

Депутаттарды аткаруу бийлиги чайга чакырганы маалымдалууда.

Айрым ЖМКлар «эл өкүлдөрүн президенттик администрация Жаңы жылга карата сыйлоо үчүн чакырган» деп жазышты.