Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Ага ылайык, 28-ноябрь Жогорку Кеңештин жаңы чакырылыштагы депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленет.

11-апрелде референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

27-августта Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жаңы тартибин караган «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзам күчүнө кирген. Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аралаш шайлоо системасы менен өткөрүү каралат. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бир шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат. Депутаттардын санынын өзгөрүшү, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлган талаптар, жаңы шайлоо системасын киргизүү, Жогорку Кеңештин кезектеги чакырылышына депутаттарды жаңы шайлоону дайындоону жана өткөрүүнү карайт.

Конституциянын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, президент Жогорку Кеңешке шайлоону дайындайт. Жарлык бүгүнкү күндөн тартып күчүнө кирет.