Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча штаб түзүлдү

28-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана аны өткөрүүдө шайлоо комиссияларына материалдык-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб түзүлдү. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Шайлоо процессине өз мөөнөтүндө даярдык көрүүнүн, ачык-айкын жана таза шайлоолорду өткөрүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен Коопсуздук кеңешинин катчысы республикалык штабдын төрагасы болуп бекитилди. Республикалык штабдын тең төрагасы катары Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы жана Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – санариптик өнүктүрүү министри бекитилген. Республикалык штабдын курамына бир катар министрлик жана ведомстволорунун жетекчилери, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн башчылары жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кирген.