Жогорку Кеңештин депутаттарынын Тажикстандын парламентине кайрылуусу

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары Тажикстандын парламентине кайрылуу жасашты. Кайрылуунун текстин депутат Камила Талиева жыйында окуду.

«Биз Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары 2022-жылдын 27-январында болуп өткөн эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге ынтымак коңшулаштык жана өз ара колдоочулук мамилелерге каршы келген кезектеги чек жаңжалы боюнча олуттуу тынчсыздануубузду билдиребиз. Адам жоготууларына жана карапайым калктын азап чегүүсүнө алып келүүчү согуш катышуучуларына айланган чек ара жаңжалдары боордош элдердин ортосунда болбошу керек.

Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу жана мындан ары алдын алуу жана аларга жол бербөө максатында чек ара аймактарында талаптагыдай көзөмөлдү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын жүргүзүп жаткан иш аракеттерин кубаттайт. Кыргыз Республикасы эгемендикти алган биринчи күндөн тартып эле эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге ылайык, Тажикстан Республикасы менен достук жана ынтымак, коңшулаштык мамилелерди курууга Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитация-демаркациялоо процессин аягына чыгарууга умтулуп келет. Жогорку Кеңеш өз ара урматташуунун, ишенимдин, макулдашуунун жана тең укуктуулуктун негизинде эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун ар кандай маселелерин чечүүдө парламенттер аралык өз ара тыгыз аракеттенүүлөрдү белгилөө менен эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитация-демаркациялоо маселелерин жөнгө салууга жана тездетүүгө өбөлгө түзүү зарыл деп эсептейт.

Биз сиздерге кайрылуу менен биздин боордош элдерибиздин ортосундагы ымаланы жана достукту чыңдоого, ынтымак, коңшулаштык, күч колдонуудан жана кысым көрсөтүүдөн баш тартуу, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу принциптеринин негизинде карым-катнаштарды курууга, жаңжалдарды болтурбоого, эл аралык укуктун, ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин урматтоонун ченемдерин сактоого жана мамлекеттик чек ара аймактарындагы туруктуулукту, бейпилдикти чыңдоо жана ишеним артуу чараларын жүзөгө ашыруу маселелеринде тыгыз кызматташууга чакырабыз. Эки өлкөнүн парламенттери өз ара чек ара маселелерин пайдалуу чечүүгө жана жөнгө салууга көмөк көрсөтөт деп ишенебиз», — деди ал.