Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында ЖКнын жаңы депутаты Осмонов Айбек Жапарович («Бир Бол») ант берди.
Ал ушул жылдын 28-февралында узакка созулган оорудан кийин каза тапкан Алмазбек Акматовдун ордуна келген. БШК ага депутаттык мандатты 14-мартта тапшырган. Айбек Осмонов «Мекеним Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүсү, бирок кийин анын катарынан чыгып кеткен.