Дагы бир Матраимовчу кызматка келди

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды. Бул маалыматты аталган фонддун басма сөз кызматы тастыктады.

Фонддун мурунку төрагасы Жылдызбек Исакулов 2021-жылдын февраль айында кызматтан кеткен эле. Төраганын орун басары Ишенбек Медетов төрагалык милдетти аткарып келген.

Мирлан Бакиров 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясынын лидери болчу. Коомчулук аталган партияны Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштырып келишет. Мирлан Бакиров Ош шаарында өткөн Райымбек Матраимовду колдоо митингине катышкан.