Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу аяктады

27-апрелде саат 24:00дө 28-майга дайындалган № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

27-апрелиндеги саат 24:00гө карата абал боюнча 49 талапкер (40 – эркек, 9 – аял) көрсөтүлдү (кабыл алуунун акыркы күнү 8 талапкерден арыз түштү). Бүгүнкүгө карата 49 талапкерден 4 талапкер (3 – эркек, 1 – аял) катталды.

Ошону менен бирге, 5 талапкер шайлоого андан ары катышуудан баш тартты.