Атыр Абдрахматованын ордуна ким барат? Акыйкатчы кызматына эки талапкер көрсөтүлдү

Акыйкатчы кызматына Жогорку Кеңештин фракцияларынан эки талапкер бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

«Ата Журт Кыргызстан» фракциясы талапкер катары башкы прокурордун мурдагы орун басары Жамиля Жаманбаеваны, «Ыйман нуру» фракциясы Кулира Кубатованы көрсөттү.

Акыйкатчы институтунун жамааты Аскат Азарбеков менен Урмат Аралбаевдин талапкерлигин көрсөтүшкөн.