Жогорку Кеңештин комитети 1,7 миллион доза вакцина сатып алуу боюнча келишимди колдогон жок

«Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы вакцина жана жабдууларды сатып алуу боюнча келишимди кайра карап чыгуу мүмкүнбү?». Мындай суроону Жогорку Кеңештин бюджет боюнча комитетинин төрагасы Данияр Төлөнов берди.

Бул мыйзам долбоорун четке кагууну депутат Айбек Алтынбеков сунуштады. Депутат Шарапаткан Мажитова да өлкөдө коронавирустук пандемия басылганын айтып, мыйзам долбоорун четке кагуу керектигин айтты. Комитет мүчөлөрү бул сунушту колдошту. Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин комитети Кыргызстан менен АӨБ ортосундагы 1,7 миллион доза вакцина сатып алуу боюнча келишимди четке какты. Каржы министрлигинин өкүлү келишим буга чейин Министрлер кабинетинин буйругу менен бекитилгенин айтты.

Жогорку Кеӊештин комитети Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 25 миллион долларга 1,7 миллион доза вакцина жана жабдууларды сатып алуу боюнча кредиттик жана гранттык макулдашууларды ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун талкуулады.