Жогорку Кеңештин комитети «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды 

Архив

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Сунушталган мыйзам долбоору боюнча Айыл чарба, токой жана суу чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов мыйзам долбоору боюнча маалымат берди. Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын күчөтүү, Баткен облусунун Координациялык кеңешин түзүү, атайын салыктык жана инвестициялык режимдерди киргизүү демилгеси сунушталып жатканын билдирди.

Талкуу жүрүшүндө депутат Таабалды Тиллаев “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзам долбоорунда Баткен облусун өнүктүрүүнүн жана колдоонун механизмдерин так жазуу керектигин белгиледи. «Мыйзам долбоорунун концепциясын колдоо керек, бирок кийинки окууларда каржылоо булактарын аныктоону камтыган конкреттүү ченемдерди киргизүү керек», — деп белгиледи ал.

Депутат Иса Өмүркулов жалпы сөздөрдөн конкреттүү иш-аракеттерге өтүү керек деп эсептейт. Ушундай эле пикирди депутат Аалы Карашев дагы билдирди. «Министрлер кабинети Баткен облусунун ар бир району боюнча атайын программасын, иш-чараларын иштеп чыгышы керек болчу. Азыркы шартта көнүмүш чечимдердин кереги жок”, — деди Аалы Карашев.

Депутат Айнуру Алтыбаева мыйзам долбоору декларативдүү болуп калганын, Баткен облусун өнүктүрүүнү ар тараптуу караш керек экенин баса белгиледи. «Жыл сайын Баткен облусу үчүн белгилүү бир өлчөмдө каражат бөлүп туруу керек», — деп кошумчалады ал.

Депутат Самат Исманов Баткен облусунда кадр маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, бул жаатта чечим кабыл алууга жөндөмдүү тажрыйбалуу жана кесипкөй кадрларды жөнөтүү керектигин баса белгиледи.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев бул мыйзам долбоорунун автору жөнүндө маселе көтөрүп: «Бул мыйзам долбоорун ким иштеп чыккан?» — деп сурады. Баяндамачы министрлик аймактарды өнүктүрүү маселелерине жооптуу болгондуктан, Министрлер кабинети бизге ушул мыйзам долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын берген деп жооп берди.