3-октябрдагы Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлиги каралды.
Депутаттар арасында ар кайсы маселелер талкууланды. Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү билим берүү жана илим министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин жактырышты.
28-сентябрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Догдуркүл Кендирбаева билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.