Жогорку Кеңештин комитети «Элдик курултай жөнүндө» мыйзамды кабыл алган жок

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун биринчи окууда каралып, бирок өткөн жок. 

Талкууда бир нече депутаттар мыйзам долбоорго оңдоолорду киргизүү керектигин айтышты. Ал эми комитет төрагасы Медер Алиев депутаттардан мыйзамдын концепциясын биринчи окууда кабыл алууну суранды. Ал эми оңдоолорду 2-3-окууда киргизсе болорун айтты. Добуш берүүдө төрт гана депутат макул болушту. Калгандары каршы добуш беришип, мыйзам долбоор өткөн жок.