Жогорку Кеңештин комитети Гүлнара Баатырованын талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети Гүлнара Баатырованы саламаттыкты сактоо министри кылып дайындоого макулдук берди.

Баатырова министрдин милдетин аткаруучу болуп 23-августта дайындалган. Аны министр кылып дайындоо үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу керек. 7-сентябрда Жогорку Кеңеш жыйынында эки комитеттин чечимдери каралат.