Бугүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети мамлекеттик гимн сынагынын 2-айлампасынан өткөн үч гимнди укту.
Аталган жыйынга мамлекеттик гимнди өзгөртүү үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын өкүлдөрү да катышты.
Комитет төрагасы Курманкул Зулушев аткарылган үч варианттын бири да учурдагы гимнге жетпей жатканын белгилеп, комитет да так ушундай чечим чыгарганын билдирди.
Комитет натыйжада сынактын жыйынтыгы менен тандалып алынган үч варианттын баарын четке какты.