Жогорку Кеңештин комитети желекти өзгөртүү боюнча мыйзамды колдоду

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиери — Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев, Улан Примов. Демилгечилердин бири Улан Примов мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын желегин жакшыртууга багытталганын белгиледи. Желектеги нурлардын формасын толкун сымал формалардан күндүн нурларына так окшош формага өзгөртүү сунушталат. Күн нурларынын жаңы эскизин даярдоодо бул тууну баштапкы этапта иштеп чыгуучу авторлор тартылган, алар менен математикалык эсептөөлөр, чиймелер жана коштоочу иштер жүргүзүлгөн. Авторлордун бири Жусуп Матаев түп нускасындагы версиясы өзгөртүлүп, алгач күндүн нурларына так окшош форма сунушталганын белгиледи. Талкуунун жүрүшүндө бир катар депутаттар аталган мыйзам долбоору боюнча маселелерди белгилеп, туунун айрым элементтерине өзгөчө көңүл бурушту.

Депутат Дастанбек Жумабеков желектин айрым элементтерин өзгөртүү маселеси боюнча референдум өткөрүүнү сунуштады. Депутат Нурланбек Азыгалиев мамлекеттик символдор өзгөртүлбөшү керек деп айтуу туура эмес экенин белгиледи. Депутат Мейкинбек Абдалиев Кыргыз жарандарынын пикирин эске алуу керектигин айтса, депутат Улан Примов 32 жыл мурун желекти референдум эмес, парламент бекиткенин баса белгиледи.