Жогорку Кеңештин комитети капиталды адалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети капиталды легалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Мындай чечим бүгүн, 21-июнда кабыл алынды.

Депутат Султанбай Айжигитов мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салып, кайра иштеп чыгууга жөнөтүүнү сунуштады. Бирок кесиптештеринин көбү аны колдошкон жок.

Министрлер кабинети 2022-жылга чейин каалаган формадагы мүлктөрдү легалдаштырууну сунуштоодо. Мыйзам долбоору жеке адамдарга жана капиталга тиешелүү. Чектүү сумма 100 миллион сомду түзөт. Андан жогору 1 миллион сом өлчөмүндө декларациялык төлөм төлөнөт.