Жогорку Кеңештин комитети президент сунуштаган Министрлер кабинетинин курамын жактырды

Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети президент сунуштаган Министрлер кабинетинин курамын бекитти.

Эми парламенттик комитеттин чечими Жогорку Кеңештин жыйынында каралат.