Жогорку Кеңештин комитети саламаттыкты сактоо министри кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлигин карап жатат

Бүгүн, 5-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети саламаттыкты сактоо министри кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлигин карап жатат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары эс алууда жүргөндө президент Гүлнара Баатырованы министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Аны министр кылып дайындоо үчүн парламенттин макулдугу керек.

Тартипке ылайык, Баатырова Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер, регламент боюнча комитетинин да макулдугун алышы керек. Андан ары 7-сентябрда Жогорку Кеңеш анын дайындалышына макулдук берет же анын талапкерлигин колдобойт.