Жогорку Кеңештин комитети тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин колдоду. Мындай чечим бүгүн, 25-апрелде жыйында кабыл алынды.

Жээнбек Кулубаев депутаттардын алдында сүйлөп жатып, президенттин тапшырмаларын аткарууга тажрыйбасы жетиштүү экенин белгиледи. Ал 2021-жылдын августунан бери президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген.