Жогорку Кеңештин комитеттери кыргыз-тажик чек арасы боюнча бир катар документтерди карашты

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча бир катар документтер каралып, жактырылды.

Документтер Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилди. Алсак, жыйында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимдин долбоору; Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, Автомобиль жолдорунун кесилишин жабдуу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуунун долбоору; Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Суу чарба жана энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуунун долбоору каралды. Бул маселелер боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат берди.

Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынын өткөрүү чечими бүгүн, 27-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынган.