Жогорку Кеңештин комитеттик жыйындары жана фракциялык отурумдар онлайн көрсөтүлөт

“Онлайн-жыйындар” долбоорунун негизинде Жогорку Кеңештин 2 жыйындар залына видеокамералар орнотулду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Жогорку Кеңештин отурумдарын гана эмес, комитеттердин, парламенттик фракциялардын отурумдары да онлайн көрсөтүү пландалууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин гана жыйындары онлайн көрсөтүлүп келген.

Бул ирет Жогорку Кеңештин 2 залына видеокамереларды сатып алуу жана орнотууга ЕККУнун программалык офиси тарабынан 60 миң евро бөлүнгөн.