Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Сотторду тандоо кеңешинин жаңы мүчөлөрүн шайлашты

Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Сотторду тандоо кеңешинин жана Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын жаңы мүчөлөрүн шайлашты.

Жогорку Кеңештин депутаты, эсептөө комиссиясынын төрагасы Самат Исмановдун айтымында, Сотторду тандоо кеңешине төмөнкү талапкерлер сунушталган:

— Абдыкадыр Акылбек Токтосунович;

— Аземкулов Барктабас Шаршеналиевич;

— Жунушалиева Индира Акимжановна;

— Дүйшөналиев Болоткан Жекшенович;

— Жолдошева Лунара Чаткалбековна;

— Иса Нурбек;

— Салиев Калыгул Абдылдаевич;

— Сулайманов Жолдошбек Атакеевич;

— Ташпулатов Аскарали Ташпулатович.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон 3 талапкер Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлүгүнө шайланышты.

Алар:

— Дүйшөналиев Болоткан Жекшенович;

— Жолдошева Лунара Чаткалбековна;

— Сулайманов Жолдошбек Атакеевич.

Ал эми Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мүчөлүгүнө шайлангандар:

— Осмонов Баимбек Абдилакович;

— Чокоев Медетбек Шалпыкович.