Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясында лидер алмашты

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясында лидер алмашты — Нурбек Алимбековдун ордуна Бейшеналы Нурдинов келди.

Эл өкүлүнүн айтымында, анын талапкерлигин 18 депутаттын 12си колдоп берген.

Бейшеналы Нурдинов Жогорку Кеңешке Алмазбек Баатырбековдун ордуна 2020-жылдын 10-июнунда келген.