Бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны өтмөк. Бирок депутаттардын жыйынга толук келбегенине байланыштуу жыйын үзгүлтүккө учурады.
Депутаттар күн тартибиндеги алты маселени карашы керек болчу. Жыйын башталгандан жарым сааттан кийин залда үч гана депутат – Венера Раимбачаева, Мирлан Самойкожо жана комитеттин төрайымы Динара Ашимова отурушту.
«Жыйындын катышуучулары жүйөлүү себептер менен комитет депутаттары келбей калышты. Мен сиздерден кечирим сурайм. Бүгүн жыйын болбойт, башка күнгө коёбуз», — деди ал.
16-майдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны кворумдун жоктугуна байланыштуу болгон эмес.











