Жогорку Кеңештин төрагалыгына эки талапкер көрсөтүлдү

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Жыйында парламент спикери шайланат.

Төрагалыкка эки талапкер көрсөтүлдү. Бири — Талант Мамытов, экинчиси — Адахан Мадумаров.

Ал эми Бакыт Төрөбаев убактылуу комитет төрагасы болуп шайланды. Жыйында эки талапкер тууралуу маалымат берилет, андан соң добуш берүү болот.