Жогорку Кеңештин төрагасы Австриянын Федералдык кеңешинин президенти менен жолукту

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 7-сентябрда Австриянын Вена шаарында спикерлердин 5-дүйнөлүк конференциясына катышуу алкагында Австриянын Федералдык Кеңешинин президенти Петер Раггл менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Талант Мамытов австриялык кесиптешине өлкөдөгү ички саясий кырдаал, өткөн кезексиз президенттик шайлоо жана башкаруу формасы боюнча референдум, жаңы Конституция жана эл аралык байкоочулар тарабынан оң бааланган жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана алдыда боло турган парламенттик шайлоо тууралуу маалымат берди. Ал австриялык өнөктөшкө Кыргыз Республикасы өзүнүн эл аралык милдеттенмелери менен мурда кол коюлган эки жана көп тараптуу эл аралык келишимдерди аткара турганын айтты.

Ал эми Петер Раггл Жогорку Кеңештин төрагасына учурдагы эпидемиологиялык абалга карабастан спикерлердин дүйнөлүк конференциясына катышканы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстандын парламенттик демократиясы Австриянын саясий чөйрөлөрүндө чоң кызыгууну жаратып жаткандыгын баса белгиледи.

Тараптар саясий кызматташтык маселесин талкуулап, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө эки тараптуу кызыкчылыктарга шайкеш келерин, ошондой эле бул жолугушуу парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө ар тараптуу салым кошорун белгилешти. Алар эки өлкөнүн парламенттик достук топторунун ортосундагы кызматташтыкты жандандырууну, көп тараптуу аянтчаларды, анын ичинде ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын Венада жыл сайын өтүүчү кышкы сессиясын натыйжалуу пайдаланууну макулдашышты.