Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин жыйыны болуп, парламенттин төрагасы шайланды. Төрагалыкка эки талапкер көрсөтүлдү. Бири — Талант Мамытов, экинчиси — Адахан Мадумаров.
Депутат Бакыт Төрөбаев убактылуу комитет төрагасы болуп шайланып, талапкерлер депутаттар кызыккан суроолорго жооп беришти.
Жыйындын акырында депутаттар жашыруун добуш беришти. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Жогорку Кеңештин төрагасы болуп Талант Мамытов шайланды. Жалпы 87 депутат добуш берди. Алардын 63ү Талант Мамытовго добуш берсе, 10у Адахан Мадумаровго берилген. 17 депутат экөөнө тең каршы добуш берди.