Жогорку Кеңештин төрагасы Кербен-Үч-Коргон-ГЭС авто жолунун курулушу менен таанышты

Кечээ, 29-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Аксы районунда жайгашкан Кербен-Үч-Коргон-ГЭС авто жолунун курулушу менен таанышты.

Жолдун узундугу 72 чакырымды түзүп, өлкөбүз эгемендүүлүк алган жылдардан бери жаңыланган эмес. Ага ылайык, былтыр оңдоо иштери пландалып, 3,8 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Быйыл дагы 13,2 чакырым жолду оңдоо мерчемделип, жалпы 95 миллион сом каралган. 2023-жылы Жалал-Абад облусунда 96 чакырым жол калыбына келтирилет.

Ошондой эле төрага Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагында болуп, бургулоочу техниканы тапшыруу аземине катышты. Техниканын наркы 22 миллион сомду түзүп, аны сатып алууга Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан 15,4 миллион сом жана Аксы райондук өнүктүрүү фондунан 1 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал эми калган 5 миллион сом республикалык бюджеттин эсебинен берилген. Жергиликтүү бюджеттен болсо 600 миң сом каралган.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Нурланбек Шакиев Аксы районунда суу чыгаруу маселеси олуттуу көйгөй экенин белгилеп: “Кош-Дөбө айылы үчүн алынган бул техника жалпы Аксы эли үчүн кызмат кылып, аймактын өнүгүшүнө көмөкчү болору анык”, – деди.