Бейшемби, 26.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев расмий иш сапары менен Орусияга барды

08:51 26.03.2026
0
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев расмий иш сапары менен Орусияга барды

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттик делегацияны жетектеп, Россия Федерациясына расмий иш сапары менен барды.

Аэропорттон Жогорку Кеңештин делегациясын Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары Анна Кузнецова баштаган расмий өкүлдөр тосуп алышты. Төраганы депутаттар Талант Мамытов, Гүлнара Баатырова, Гуля Кожокулова, Гульнара Акимбаева, Жумабек Салымбеков, Айгуль Ахмедова, Жылдыз Эгенбердиева ошондой эле Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин биринчи орун басары Нурсултан Кубанов менен «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская коштоп барышты.

Алгач төрага Москва шаарында жайгашкан В.Ф. Орлов атындагы «Марьина Роща» мектебинде болуп, расмий делегацияга эмгек мигранттарынын балдарын жалпы билим берүү класстарына кабыл алуу үчүн өткөрүлүүчү тестирлөөнүн тартиби тууралуу маалымат берилди. Депутаттар тапшырмалардын татаалдыгына көңүл бурушуп, аларды мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштарын билдиришти. Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары тесттин мазмунун жана деңгээлин баалоо максатында өздөрү да тестирлөөдөн өтүп көрүштү.

«Чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештерибиздин балдары үчүн билим алууга жеткиликтүүлүк маселеси биз үчүн абдан маанилүү. Тестирлөөнүн шарттары түшүнүктүү, адилеттүү болуп, башка тилдик чөйрөдөн келген балдардын өзгөчөлүктөрү эске алынышы кажет», — деди Марлен Маматалиев.

Ал эми «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская: «Биз билим деңгээлин баалоонун зарылдыгын түшүнөбүз. Бирок мындай процедуралар билим алууга тоскоолдук жаратпашы керек. Ар бир баланын жаңы чөйрөгө көнүп, толук кандуу билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү жалпыбыздын милдетибиз», — деди.

Андан соң Кыргыз Республикасынын көргөзмө-соода борборунда (ВДНХ) Марлен Маматалиев делегация мүчөлөрү менен бирге кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана эмгек мигранттары менен жолугушту. Баарлашуунун жүрүшүндө мекендештерди тынчсыздандырган актуалдуу маселелер көтөрүлүп, тиешелүү түшүндүрмөлөр жана жооптор берилди. «Мамлекет кайсы жерде болбосун өз жарандары менен дайыма бирге. Бүгүн көтөрүлгөн бардык маселелер көзөмөлгө алынып, аларды чечүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге керектүү иштерди алып барабыз», — деди Марлен Маматалиев.

Расмий сапардын экинчи күнү жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар менен уланып, анын ичинен Марлен Маматалиев Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин жана Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү күтүлүүдө.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:37 25.03.2026
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 26-27-март күндөрү Казакстан Республикасына жумуш сапары менен барат. Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык...

Ташиев Айт намазда ушак-айың, жалган жалаа тарап жатканын айтты

Ташиев Айт намазда ушак-айың, жалган жалаа тарап жатканын айтты

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:14 20.03.2026
0

20-март күнү УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Айт намаздан кийин элден кечирим сурап, өзү тууралуу жалган жалаа жана ушак-айың тарап...

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү

Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:11 19.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 19-мартта Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме болуп өттү. Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялардын...

Руслан Сүйналиев финансы министри болуп дайындалды

Руслан Сүйналиев финансы министри болуп дайындалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:01 19.03.2026
0

Кечээ, 18-мартта президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сүйналиев Руслан Мырзабекович мурда жүктөлгөн...

Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка дайындалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:44 19.03.2026
0

Кечээ, 18-мартта Бакыт Төрөбаев президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Кыргыз Республикасынын эл артисти Абдыкалык Акматов 71 жашында оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Некролог

Кыргыз Республикасынын эл артисти Абдыкалык Акматов 71 жашында оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Некролог

17:00 25.03.2026
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана “Жалал-Абад” аэропортунун курулуш иштери жүрүп жатабы? Облус башчысы кабар алды

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана “Жалал-Абад” аэропортунун курулуш иштери жүрүп жатабы? Облус башчысы кабар алды

09:08 26.03.2026
Ат-Башы районундагы мал базар 19-апрелде ачылышы пландалууда

Ат-Башы районундагы мал базар 19-апрелде ачылышы пландалууда

09:24 26.03.2026
Ат-Башы районундагы мал базар 19-апрелде ачылышы пландалууда

Ат-Башы районундагы мал базар 19-апрелде ачылышы пландалууда

09:24 26.03.2026
Билим берүү министрлиги: «Бардык окуу китептери жаңыланат»

Билим берүү министрлиги: "Бардык окуу китептери жаңыланат"

09:15 26.03.2026
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана “Жалал-Абад” аэропортунун курулуш иштери жүрүп жатабы? Облус башчысы кабар алды

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана “Жалал-Абад” аэропортунун курулуш иштери жүрүп жатабы? Облус башчысы кабар алды

09:08 26.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү