Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев ЖККУ ПАнын биргелешкен жыйынына катышты

Бүгүн, 5-декабрда төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Москва шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин биргелешкен жыйынына жана XV пленардык отурумуна катышты. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Биргелешкен жыйынды ЖККУ ПАнын төрагасы, Орусиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин ачып, андан соң Ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери сөз сүйлөштү.

Өз кезегинде Нурланбек Шакиев бүгүнкү иш-чара жемиштүү жыйынтыкталып, жамааттык өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болуп каларына үмүт артарын айтты. «Кыргыз тарап ЖККУнун потенциалын бекемдөөгө өзгөчө маани берет жана жалпысынан коопсуздук жаатындагы көп тараптуу кызматташуудан сезилерлик натыйжа күтөт. Анткени, биргелешкен күч-аракетибиз менен биз коопсуз дүйнөнү түзүүдө уюмдун ролун жогорулата алабыз деп ишенем. Ошол эле учурда тынчтыкты, эл аралык, аймактык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү бекемдөө үчүн саясий-дипломатиялык алакаларга артыкчылык берүү зарыл», — деди Шакиев.

Жалпысынан жыйындын жүрүшүндө ЖККУга мүчө-мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын 2021-2025-жылдарга карата жакындаштыруу жана шайкеш келтирүү боюнча иш-аракеттердин программасына ылайык иштелип чыккан ЖККУга мүчө-мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча моделдик сунуштамалардын жана мыйзам актыларынын долбоорлору каралды.

Жыйынга Жогорку Кеңештин «Мекенчил» депутаттык тобунун лидери, ЖККУ ПАнын Коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Эльмурза Сатыбалдиев, «Ишеним» парламенттик фракциясынын лидери, ЖККУ ПАнын Саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Улугбек Ормонов, «Ата-Журт Кыргызстан»  парламенттик фракциясынын лидери, ЖККУ ПАнын Социалдык-экономикалык жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Бактыбек Сыдыков да катышты.