Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстан Парламентинин Сенатынын төрагасы менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жыйындарынын алкагында Казакстандын Парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту.

“Кыргыз тарап Казакстан менен калыптанган стратегиялык өнөктөштүктү жана кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө өзгөчө маани берет”, — деген Шакиев Ашимбаев баштаган коңшу өлкөнүн парламентинин өкүлдөрүн эки мамлекет ортосундагы дипломатиялык алакалардын 30 жылдыгы менен куттуктады. Соода-экономикалык мамилелерге токтолгон төрага Кыргызстан ишкерлер менен айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана соода тармагындагы тоскоолдуктарды жоюуга гана эмес, товарлардын эркин кыймылын камсыз кылууга багытталган бардык демилгелерди колдой турганын белгиледи. Айрыкча, ЕАЭБ алкагындагы келишимдерди сактоо менен үзгүлтүксүз транзиттик каттамды калыптандыруунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Сенат төрагасы: “Мамлекет башчыларыбыз да өнөктөштүктү өөрчүтүүгө багытталган маңыздуу чечимдерди кабыл алууда. Соода-экономикалык байланыштарыбыздын көлөмү көбөйүп, маданий-гуманитардык кызматташтыгыбыз да жигердүү өнүгүүдө. Калыптанган кызматташтыкты эки жактуу жана көп тараптуу алкакта улантып, бардык багыттагы байланыштарыбызды мындан ары да өнүктүрүүбүз кажет”, – деди. Ошондой эле мамилелерди бекемдөөдө парламенттердин да үлүшү маанилүү экенин белгилеп, Нурланбек Шакиевди Түркстан шаарында өтөөрү мерчемделген Орто Азия мамлекеттеринин парламенттер аралык форумуна катышып кетүүгө чакырды.