Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Минск шаарына барды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Беларусь Республикасынын борбор калаасы Минск шаарына барды.

Иш сапардын алкагында төрага ЖККУ ПАнын кеңешинин жыйынына катышып, Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата уюштурулган эскерүү иш-чараларына да күбө болот. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагындагы парламенттик ассамблея 2006-жылы 16-ноябрда түзүлгөн. Ага Кыргызстандын, Орусиянын, Казакстандын, Беларусь, Армениянын жана Тажикстандын парламенттери мүчөлүк кылат.