Жогорку Кеңештин төрагасы Шакиев Аскар Акаевдин күнөөсү чоң экенин айтты

Жогорку Кеңеш Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирүүдөн баш таркан соң, Жогорку Кеңештин төрагасы сөз сүйлөдү.

«Бул аябай маанилүү маселе болчу. Көз карандысыздыктын 34 жылында өлкөбүздө кандай кыйынчылыктар болду. Жакшысынан жаманы арбын болду. Мына ушуга биринчи президент катары Аскар Акаевдин күнөөсү чоң. Аксы окуясы боюнча шайлоочулар буга терең тынсыздануу менен көңүл буруп жатты. Биз туура чечим чыгардык деп ойлойм. Буга тарых өзү жооп берет. Эл өзү баасын берет», — деди ал.