Жогорку Кеңештин төрагасы соттордон адилеттикти талап кылды

Кечээ, 7-декабрда Жогорку Кеңеште Конституциялык соттун судьяларынын кызмат ордуна Чынара Айдарбекова менен Лунара Жолдошеванын талапкерлиги каралып, кийин жактырылды. Аларга кайрылып Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев соттордон адилеттикти талап кылды.

«Берген антыңыздарга бекем туруп, мыйзамдардын так аткарылышын, сакталышын, адам укуктары боюнча адилет жана калыс карап, таза иштеп бериңиздер. Сот адилеттүүлүгү деп келебиз, азыр деле эл ичинде бир беткей пикир жок, ыраазы да, нааразы да жак бар. Адилеттүү сот реформасын аягына чыгаруу учурдун кечиктирилгис талабы», — деди спикер.