Жогорку Кеңештин төрагасына талапкер Нурланбек Шакиев Курманбек Бакиев тууралуу оюн айтты

Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында спикерликке Нурланбек Шакиевдин талапкерлиги каралып жатат. Жыйында депутат Дастан Бекешев Шакиевден качкын президент Курманбек Бакиев тууралуу оюн сурады.

«Менин мурдагы президенттерге болгон көз карашым коомдукунан кескин айырмаланбайт», — деди ал.

Бекешев анын жообу түшүнүксүз болуп калганын айтты. «Бардык экс-президенттерге, анын ичинде Бакиевге дагы коомчулуктун көз карашы кандай болсо, меники да ошондой», — деди Шакиев.

Бекешевдин «демек, сиз эл мененсиз» деген суроосуна «албетте» деп жооп берди.