Жогорку Кеңештин төрайымынын милдетин Аида Касымалиева аткарат

Жогорку Кеңештин төрайымынын милдетин Аида Касымалиева аткарат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева 2021-жылдын 28-ноябрына чейин Талант Мамытов алдыдагы парламенттик шайлоого талапкер катары катышып жаткандыгына байланыштуу Жогорку Кеңештин төрайымынын милдетин аткарат», — деп айтылат маалыматта.

Төрага Талант Мамытов «Ынтымак» партиясы менен шайлоого аттанды.