Жогорку Кеңештин X сессиясынын расмий ачылышы болуп өттү (видео)

Бүгүн, 1-сентябрда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесинин 1-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөгү” мыйзамдын 34-беренесинин 1-пунктуна ылайык, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин X сессиясы расмий ачылды.

Жыйында депутаттарды төрага Талант Мамытов эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктады. “Эгемендүүлүк улуу дөөлөт. Аны көздүн карегиндей сактап, өнүктүрүп кийинки урпактарга өткөрүп берүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Өлкөбүздө тынчтык болуп, кызыл байрагыбыз бийиктерде желбирей берсин”, – деди ал.

Жыйында «Республика – Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Авазбек Абдугапаров ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал «Кыргыз алтын» ишканасынын башчылыгына дайындалганына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Умбеталы Кыдыралиевдин ордуна келди.