Жогорку Сот депутат Фарходбек Алимжановду мандатынан ажыраткан чечимди күчүндө калтырды

Жогорку Сот депутат Фарходбек Алимжановду мандатынан ажыраткан чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу эл өкүлү өзү жазды.

«Бүгүн эл тарабынан мага ишенип берилген мандатым боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин Жогорку Сот күчүндө калтырды. Мандат маселеси ушуну менен аяктады деген чечимге командам менен келип жатабыз. Жаратканым ушундай окуяга туш болууну насип эткен экен. Баары Кудайдын буйругу менен.

Элге кызмат кылууда жанымда болгон ар бир адамга ыраазычылык билдирем! Мени колдогон үй-бүлөмө, командама, партиялаштарыма, кесиптеш болгон эл өкүлдөрүнө, массалык маалымат каражаттарына терең ыраазычылык билдирем.

Жалпы депутаттык корпуска ийгилик каалайм! Мамлекеттин жаркын жашоосуна өбөлгө түзүүчү көптөгөн мыйзам долбоорлорун бирге даярдадык. Өлкөнүн финансылык абалы турукташуусуна эбегейсиз салым коштук деп айта алам. Миңдеген шайлоочулар менен жолугуп элдин мүдөөсүн тынбай жогорку трибуналарда айтып турдук. Бизге кайрылган ар бир жарандын ишин дыкат изилдеп көмөк көрсөтүүгө командам менен чоң аракет кылдык. Көптөгөн маселелер чечилди! Алдыда дагы социалдык тармактар аркылуу байланышта болуп турабыз! Элге кызмат кылууну улантабыз. Биз баштап, бирок аягына чыга албай калган көптөгөн иштер бар. Үй-бүлөмө көбүрөөк көңүл бурам. Спорт жана инсандык өнүгүү менен алектенем. Баары алдыда достор», — деп жазды ал.