Жогорку Сот кайрадан карай турган Аида Салянованын ишин жылдырды

Бүгүн, 6-январда Жогорку Сот Аида Салянованын лицензия ишине байланыштуу ишин кайрадан карамак, бирок соттук процесс прокурордун даяр эместигинен улам 27-январга жылдырылды.

2010-жылы юстиция министри болуп турган кезде Салянова Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деп айыпталып, 2017-жылы райондук сот тарабынан 5 жылга эркинен ажыратылган. Жазаны Салянова кызы 14 жашка толгондон кийин өтө турганы болгон эле. Ушул эле чечим кийин шаардык сот жана Жогорку Сот тарабынан күчүндө калтырылган. 2019-жылы да Жогорку Сот жаңы кодекстер күчүнө киргенине байланыштуу ишти кайра карап, Салянованын жазасын өзгөрткөн эмес.