Жогорку Сот Садыр Жапаровдун эжесинин ишин Башкы прокуратурага жиберди

Президент Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапаровага карата буга чейинки соттук чечимдер жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына ылайык, Райкүл Жапарованын жактоочулары ишти жаңы жагдайлардан улам кайра кароо тууралуу өтүнүчү ушул жылдын 25-январында канааттандырылган. Буга чейинки үч инстанциянын чечимдери жокко чыгарылып, кылмыш иши тергөө үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Жогорку Сот президенттин бир тууган эжесин күнөөлүү деп тапкан чечимди 25-январда жокко чыгарганын бүгүн, 5-февралда  башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирди. «Соттук коллегиянын өкүмүнө байланыштуу аны экстрадициялоо зарылдыгы жок. Эми ал Кыргыз өлкөсүнө эркин келе алат», — деп коомментарий берген Зулушев.

Райкүл Жапарова 2007-жылы бийликтен куулган президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл Инвест банкты» тартып алган деп айыпталып, сыртынан 10 жылга соттолгон. 2020-жылдын февраль айында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Райкүл Жапаровага эл аралык издөө жарыяланганын билдирген эле. Май айында анын Польшадан кармалганын жана өлкөгө экстрадициялоо маселеси каралып жатканын маалымдашкан болчу.

Ал эми Садыр Жапаров эжесине кылмыш иштин козголгондугун саясий буйрутма деп сыпаттап келген.