Жогорку Соттун жана Конституциялык соттун төрагалыгына талапкерлер тандалды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Жогорку Соттун жана Конституциялык соттун төрагалык кызматына талапкерлерди карады.

Жогорку Соттун төрагалыгына Замирбек Базарбековдун жана Конституциялык соттун төрагалыгына Эмил Өскөнбаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталмакчы.

Замирбек Базарбеков — мурда Садыр Жапаровдун жактоочусу болгон жана Сотторду тандоо боюнча кеңешти жетектеген. 2020-жылдын декабрь айында президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалып, 2021-жылдын июнь айында аталган кызматтан бошотулган. 2021-жылдын июнь айынан тарта Жогорку Соттун судьялыгын аркалап келет.

Эмил Өскөнбаев — 2011-жылдын август айында Конституциялык палатанын судьясы болуп шайланып, 2019-жылдын июль айынан тарта Конституциялык палатанын төрагасынын орун басарлыгын аркалап келет. Ал Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизилишине каршылыгын билдирген Конституциялык палатанын 11 судьясынын ичинен жалгыз сот болгону менен элге таанымал.