Жогорку Соттун судьясы Феруза Жамашева кызматынан бошотулду

Жогорку Соттун судьясы Феруза Жамашева кызматынан бошотуу тууралуу арыз жазды. Президенттин да маалыматы бар экенин өлкө башчынын Жогорку Кеңештеги атайын өкүлү Анарбек Калматов бүгүн, 30-июндагы жыйында айтты. Жогорку Кеңештин депутаттары добуш берүү менен Жамашеванын арызын колдоду.

Ал 2012-2015-жылдары Жогорку Соттун төрайымы болгон. Ал эми 2015-2018-жылдары төраганын орун басары болсо, 2018-жылдан бери Жогорку Соттун судьясы болчу.