Жогорку Соттун төрагалыгына талапкер Садыр Жапаровдун жактоочусу болгонун тастыктады

Депутат Исхак Масалиев бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку Соттун төрагалыгына талапкер Замирбек Базарбековдон 2016-жылга чейин сот болгондугун тактады.

«ЖМКларда сизди Садыр Жапаровдун адвокаты болгон деп жүрөт. Качан болгонсуз?» — деп сурады депутат.

«Акыркы жылдары анын жактоочусу болгом», — деп жооп берди Базарбеков.

«2020-жылдын октябрь айында ал бардык иштер боюнча акталганда, сиз чечим чыгарган судьялардын арасында болгон эмессизби?» — деп сурады депутат. Талапкер ал учурда сот болуп иштебегенин билдирди.