Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева ооруп калып, бейтапканага жаткырылды

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны жоопко тартуу маселеси анын ооруп калгандыгына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул маселени бүгүн, 5-январда карай турган Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын жыйыны болбой калды. Ошондой эле Калиева анын катышуусу жок жыйынды өткөрбөй турууну суранган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Гүлбара Калиеванын тергөөчү жөнөткөн чакырууларына тоотпогон мамиле жасап, суракка келбей жатканын билдирди. “Күбө катары суракка 30-декабрда чакырылган. Бирок ошол күнү өзүнөн жана анын жактоочусунан суракты 4-январга жылдыруу суранычы келип түшкөн. Кечээ, 4-январда жактоочусу Калиеванын ооруп калып, бейтапканага жаткырылганын айтып, тергөө органдарына келе албай турганын билдирди”, — деп жазылат УКМКнын маалыматында.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Соттун төрайымына карата кылмыш иши козголгонун жана Тартип комиссиясы жоопко тартууга уруксат берген күнү эле камаларын билдирген.